Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» № 24 Жарлыгына ылайык, улук кызмат орунун ээлөө үчүн ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Финансылык, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлөө сферасы). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын. Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер: – жеке арыз. – өздүк каттоо баракчасы. – дипломдун көчүрмөсү (күбөлөндүргөн болушу керек). – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (күбөлөндүргөн болушу керек) – паспорттун көчүрмөсү. – резюме – 3х4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт Конкурска катышуучулардын документтери жарыяга чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн аралыгында Ош облусу, Ноокат району, Көк-Жар айылы, Көк-Жар көчөсү 57 дареги боюнча Көк-Жар айыл өкмөтүнүн имаратында саат 8-30дан 17-00гө чейин (түштөнүү: 12:30дан – 13:30га чейин) кабыл алынат. Сурап билүү үчүн телефон номери: 6-00-21 же 0226063364 уюлдук телефонуна кайрылсаңыздар болот. Жазуулар боюнча багыттоо Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айыл өкмөтү