Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары – административдик кызмат орундарынын топтору «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтому менен Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык иштелип чыкты. Административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык белгиленет. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына же адистиги боюнча иш стажына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функциялары же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт. Квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт: 1) кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат орду боюнча функциялык милдеттерге шайкеш келиши керек; 2) административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына; 3) кесиптик компетенцияларга: – Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча). Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат. Кошумча билиминин бар экендиги квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү документ менен ырасталат. Учурдагы жылда жогорку (орто, кесиптик) окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган сабактары боюнча бааларын көрсөтүү менен окуу жайын аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө окуу жайынын расмий мөөрү басылган маалымкатты берүүгө уруксат берилет. Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чойрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку жана/ же орто билими жөнүндө дипломдо корсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет. Адистиги боюнча стажга талапкердин тиешелүү профилдеги (багыттагы) жогорку жана/же орто атайын билими (адистиги) болгон мезгили гана эсептелет. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажын жана/же адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана/же иштеген жеринен зарылдыгы боюнча берилген маалымкаттын негизинде аныкталат. Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт. Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн негизги ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик негизги укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Суу Кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо; Кыргыз Республикасынын Президентиинн 2017-жылдын 31 январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому. адам ресурстарын башкаруу жаатында; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; Билгичтиги: иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; кириш-чыгыш документтер менен иштөө; айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо, эмгек мыйзамдарын сактоо; инвестицияларды тартуу; бизнес долбоорлорду даярдоо; жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу. Көндүмдөрү: Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; Түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалымат тыталдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Финансылык, экономика жана башкаруу); 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү, предметтик ченемдик укуктук актылар: төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) иштеп чыгуу жана аткаруу, экономикалык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү, экономикалык отчеттуулукту, план-божомолдорду даярдоо, бухгалтердик отчеттуулукту, экономикалык өнүгүүнүн индикаторлорун жүргүзүү ж.б. С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлк, ижара келишимдери, төлөмдөрү жана киреше боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, архитехтура жана курулуш тармактарында, 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодекси; Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Суу кодекси”; Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамы. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо; аймактагы аялдардын жана балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо; укук коргоо органдарына сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; айыл аймагындагы, айыл чарба жерлеринин, мамлекеттик фондунун жер ресурстарын эсепке алуу, айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык жерлерди, айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу, жерлерди трансформациялоо, жер мыйзамдарын сактоону жана суу ресурстарын пайдаланууну контролдоо, айыл чарба жерлерин сугаруу маселелери, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын кайра иштетүү, тоют даярдоо, үрөн чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын сатуу ж.б. С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук, укуктук тартип, пробация жана жарандык коргонуу маселелери боюнча башкы адисинин кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Юриспруденция, Укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, педогогикалык билим беруу, табият таануу илимдери, финансылык, экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу) 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү, предметтик ченемдик укуктук актылар: төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодекси; Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; административдик тартип бузуулар менен иштөө; экологиялык бузуулар; криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө; пробация; жер мыйзамдарынын сактылышы; санитардык эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. административдик тартип бузуулар менен иштөө, экологиялык бузуулар, криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө, пробация, жер мыйзамдарынын сакталышы, санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы ж.б. С.Юсупова айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн коомдук саламаттык сактоо, социалдык маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Юриспруденция, Укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим беруу, табият таануу илимдери, финансылык, экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “ Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; айыл өкмөтүнүн чечимдерин укуктук талдоо, аймактагы аялдардын, балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо, укук коргоо органдарына, сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, диний радикализм, санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы ж.б. С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн санариптештирүү, Е-кызмат, иш кагаздарын жүргүзүү жана кадрлар маселеси боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, архитехтура жана курулуш, экономика жана башкаруу багытындагы, укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим беруу, табият таануу илимдери ж.б). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү, предметтик ченемдик укуктук актылар: төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобо; Билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер топтому: – жеке арызы, кадрларды каттооо баракчасы, – өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат), – резюме, – сүрөт; – паспорттун көчүрмөсү; – керектүү кесиптик билими, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрөт) ; Сунуш каттарын (мүмкүн болушунча ) талапкерлердин документтерин массалык маалыматтар каражаттарына жарыяланган күндөн тартып, 10 (он) жумушчу күн ичинде сынактык комиссия тарабынан төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ош облусу, Араван району, Араван айыылы, М.Султанов көчөсү 45, С.Юсупова айыл өкмөтүнүн имараты, Ал эми сынак өтө турган күн талапкерлерге алдын ала кошумча маалымдалат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефон номерлер: 0772222284, 0552071280; Жазуулар боюнча багыттоо Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү