Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн башкы жана улук мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
Төмөндөгүлдөрдү билүүсү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы»;
5)«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз» Республикасынын Мыйзамы;
6)«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)«Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9)«Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы».

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Төмөндөгүлөрдү билүүсү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)«Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Борбордук аппарат
1)Административдик кызмат орундарынын башкы топторуна квалификациялык талаптар
ҮРӨНДӨРДҮ СЕРТИФИКАТТОО БӨЛҮМҮ, Бөлүм башчысы (Б-Б)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим: «айыл чарба жана айыл чарба илимдери» тармагындагы «агрономия», «багбанчылык» багыттары боюнча; «табигый илимдер» тармагында «биология» багыты боюнча.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүлүүгү:
Билүү:
-«Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Үрөндөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө» жобо, №448;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы №6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификациялоо боюнча» жобо;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө» жобо.
-Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
– түзүмдүк бөлүмдүн проблемаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү;
Көндүмдөрү:
-жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө,
-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

2)Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар
УКУКТУК КАМСЫЗДОО жана ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ СЕКТОРУ,Башкы адис – юрист (У-Б)
1.Кесиптик билим деңгээли:
-жогорку билим, «гуманитардык илимдер» тармагындагы «юриспруденция» багыты боюнча.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1-жылдан кем эмес, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтом «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү директордун орун басарына тапшырам.
-Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2017-жылдын 31-майындагы № 313 Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө;
-«Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-матындагы № 98 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө» жобо;
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү:
-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү.
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландоо жана жумуш убактысын бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Аймактык бөлүмдөр
3)Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар
МОСКВА жана СОКУЛУК РАЙОНДОРУ БОЮНЧА СЕКТОРУ (Беловодск ш.) Сектордун башчысы (У-А), башкы адис (У-Б)
ОШ жана БАТКЕН ОБЛУСТАРЫ БОЮНЧА РЕГИОНДУК БАШКАРМАЛЫГЫ Кара-Суу району боюнча башкы адис (У-Б) (Кара-Суу ш.)
Өзгөн району боюнча башкы адис (У-Б) (Өзгөн ш.)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим: «айыл чарба жана айыл чарба илимдери» тармагындагы «агрономия», «багбанчылык» багыттары боюнча: «табигый илимдер» тармагында «биология» багыты боюнча.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-«Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Үрөндөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө» жобо, №448;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы №6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификациялоо боюнча» жобо;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө» жобо;
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү:
-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү;
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландоо жана жумуш убактысын бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларын колдоно билүү.

Конкурска катышууну каалаган адамдар «e-Kyzmat» https://kyzmat.gov.kg/мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет:
-жеке арыз;
-резюме сүрөтү менен;
-өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
– акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
-паспорттун көчүрмөсү.

Документтер комплекти менен (скоросшивательге) толук берилиши керек. Толук эмес жана талаптарга жооп бербеген документтер жана маалыматтар кабыл алынбайт.
Документтер 2026-жылдын 18-февралынан тартып 2026-жылдын 6-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментине төмөнкү дарек боюнча тапшырылышы керек: 720016, Бишкек ш., Киргизия-1, Таалай көч., 26 (Укуктук камсыздоо жана персоналды башкаруу секторунун жетектөөчү адисине кайрылыңыздар – тел. 0703-63-59-51).