Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтү улук кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Финансылык, экономика жана башкаруу) – Финансылык экономикалык багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
  • Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
  • Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы.

 Билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

 

Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

– конкурстук комиссиянын атына жазылган арыз;

– өздүк каттоо баракчасы;

– дипломдун көчүрмөсү (күбөлөндүргөн болушу керек);

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (күбөлөндүргөн болушу  керек);

– паспорттун көчүрмөсү;

– резюме.

:

 

Конкурска катышуучулардын документтери сайтка жарыяланган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде Көк-Жар айыл өкмөтүндө кабыл алынат. Сурап билүү үчүн 6-00-21 же 0226063364  уюлдук телефонуна кайрылсаңыздар болот.