Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт: – мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттигинде талапкерлерди компьютердик тестирлөө; – Маектешүү. * Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: экономика жана башкаруу. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Кесиптик компетенттүүлүгү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды: Жалпы Мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 7. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы. Предметтик мыйзамдарды билүү Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси. Кыргыз Республикасынын “Бугалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; – билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө: – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн “Е Кызмат” электрондук парталына арыз электрондук түрдө тапшырууу зарыл. Арызды тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 10-июндан баштап 23-июнуна чейин ,он (10) календардык күн. Кошумча маалымат алуу үчүн тел.: (03657) 5-05-05, 0779119985, 0777951414, 0998924262 Жазуулар боюнча багыттоо Исхак-Полотхан айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын башкы топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы административдик кызмат орундарынын улук тобу боюнча ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт