Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар: 1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча 2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; -КР «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамы; -КР “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; -КР Эмгек кодекси; -КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; -КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамы; -КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; -КР “Кызыкчылыктардын кагылышуусу; жөнүндө” мыйзамы; -КР “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; -КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн: -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы). Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл: -өздүк арыз; -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) -кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы; -сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ; -билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган); -эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); -жарандык паспорт (көчүрмөсү); -өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Жеңиш айылы, Х.Матмусаев көчөсү- 40. Электрондук дареги: iskhak-polotkhan@mail.ru тел:0770 098585 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы, административдик кызмат орундарынын улук тобу боюнча ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Кызыл-Кыя шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар резервин түзүү боюнча башкармалыка Каржы жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнө бөлүм башчы (башкы эсепчи) кызматына ачык конкурс жарыялайт.