Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордун ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат орунда коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Айыл чарба жана айыл чарба илимдери, Ветеринардык, Гуманитардык илимдер, Табигый илимдер, Техникалык, Архитектура жана курулуш, Энергетика тармактарында). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы. Билгичтиги: мамлекеттик (кыргыз) тилди билүү деңгээли В1ден төмөн эмес сертификаты; иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, жетекчиликтин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү. Кабыл алынуучу документтердин тизмеси: – жеке арызы; – резюме; – өмүр баян (соттолгон же соттолбогондугун көрсөтүү менен); – кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы; – ¾ өлчөмүндө 2 даана сүрөт; – паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документинин көчүрмөсү; – иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү); – диплому (нотариустан тастыктоо менен же акыркы иштегеген жеринен күбөлөндүрүлгөн); – аскердик билетинин көчүрмөсү. Документтер жарыянын тексти сайтка чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Ош облусу Араван району Кайрагач-Арык айылы, К.Киргизбаев көчөсү – 54 дареги боюнча Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат. Маалымат үчүн тел.: 0502 22 05 75, 0550410185. Конкурстун өтө турган күнү жана орду жөнүндө квалификациялык талаптарга жооп берген жарандарга кошумча билдирилет. Жазуулар боюнча багыттоо Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтү Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү