Бакай-Ата районунун  Биримдик  айыл өкмөтү “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде башкы жана улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Бакай-Ата районунун Биримдик айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

  • муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна;
  • муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актыларын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
  5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актыларын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

  

1) Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы  (Б-А) – 1 штаттык бирдик

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку билим.

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;
  3. Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын “Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамын;
  8. Кыргыз Республикасынын Президентинин № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы;
  9. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобо;
  10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” жобо;
  11. Кыргыз Республикасынын Президенттин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо;
  12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 токтому менен бекитилген “Санарип аймак”” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо.

 

  • адам ресурстарын башкаруу жаатында;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

 билгичтиги:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

2) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (жер, турак жай, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис) үчүн:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, табият таануу илимдери, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багыттарындагы жана юриспруденция кесиби боюнча жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  3. Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 “Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
  7. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын19-июнундагы № 386 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу өкмөтүнүн токтому;
  8. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомун билүүсү зарыл.

 

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

билгичтиги:

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды  колдоно билүү.

 

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

 

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен);
  • өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана    илимий   наамды    (бар    болсо)    ыйгаруу   жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат;
  • Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

 

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 20-июль күнүнөн кечиктирбей онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так болушу керек.

 

Дареги: Бакай-Ата району, Ак-Дөбө айылы, Айдар көчөсү б/н.

Маалымат алуу үчүн телефондор : 0701 34 34 59

wpChatIcon
wpChatIcon