Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 ПЖ “ Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө ” Жарлыгына ылайык, административдик кызмат орундарынын башкы топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 Башкы кызмат орундары үчүн:

– мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, юридикалык, экономикалык, техникалык, гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо же юридикалык багыты боюнча жогорку билим.

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

 

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:

  • Башкы кызмат орундары үчүн:

Жалпы Мыйзамдар:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.

5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат

жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасыны Мыйзамы;

10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик багыты боюнча:

1)  Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын ”Ички  жер которуу жөнүндө” Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамы;

8) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

9) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу;

10) “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосу.

 

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР e-Kyzmat автоматташтырылган маалымат системасынын https://kyzmat.gov.kg/ порталындагы “Жеке кабинет” аркылуу тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– өздүк баракча;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

  • жогорку билими жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтер;

–эмгек китепчеси;

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтер;

– паспорт.

Документтер 2026-жылдын 12-октябрынан  22-октябрына чейин кабыл алынат. Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Кош-Дөбө айыл өкмөтү Чыныбек Болуш көчөсү №64

 

Байланыш тел: 0775200488

 

wpChatIcon
wpChatIcon