КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 “Мамлекеттик жарандык кызхматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн, административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна ачык конкурс жарыялайт:

I.Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна(У-Б) (Бишкек ш.) 1-бирдик:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы 2021-жылдын 5-майындагы;
2)Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
4)Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”
5)Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2026-жылдагы редакциядагы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”
6)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 Конституциялык Мыйзамы
7)Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 207-жылдын 4-майындагы № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”, 2018-жылдын 22- ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун; – Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эрежелери боюнча “Бүткөн объектилерди эксплуатацияга кабыл алуу” (СНиП КР 12-03-00), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик курулуш жана архитектура инспекциясы тарабынан бекитилген 2000-жылдын 27- июнундагы №8 токтому менен бекитилген, “Өндүрүштүк имараттар” (СНиП КР 31.05.2001,СНиП 2.05.03-84, СНиП 2.03.01-84,СНиП 13.01-98, СНиП2. 06.04-82)”, Мамлекеттик архитектура боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу комиссиясынын 2001-жылдын 16-апрелиндеги №62 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын территориясында курулма, имарат, мекемелердин курулуш наркын аныктоочу көрсөтмө (СНиП 81-01-00, азыркы мезгилде гидротехникалык курулмалар боюнча СНиП).
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
– жогорку билими, төмөнкү багыттар боюнча: курулуш жана архитектура техникалык жаатында;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Билгичтиги:
– аналитикалык документтерди даярдоо; – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – кабыл алынган техникалык чечимдерге анализ жүргүзүү,курулуш объектисине дефекттик акт түзүү; – текшерүү көлөмүн жүргүзүү; – компьютердик билими (Auto Cad, Credo-Dat) ; – геологиялык инженер-типографиялык изилдөөлөрдү объектте жүргүзө билүүсү;.
3.1 Көндүмдөрү:
Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – командада иштеп кетүү жөндөмү, жоопкерчилиги, демилге көтөрө билүүсү; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышууга ниеттенген талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат, арызга электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет.
– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).
Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 15-июлунан 28-июлуна чейин (кошкондо) жүргүзүлөт.
Ош шаары, Муминова көчөсү 11, 1-кабат 4-кабинет ,7-13-52, 0773068180
Бишкек шаары пр Манас 101/1 Жумабекова көч. 203/1,4 -этаж, 404 кабинет
ЭСКЕРТҮҮ: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү керек.

 

 

wpChatIcon
wpChatIcon