КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын административдик кызмат орундарынын башкы жана улук тобуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:

Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
1) электрондук форматта өтүнмө беришет;
2) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер: диплом, эмгек китепчеси) тиркелет.
Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же анык эмес маалыматтар аныкталса, талапкер конкурска катышуудан четтетилип, кадрлар резервинен чыгарылып жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Документтер 2026-жылдын 16-июлунан тартып 30-июлга чейин (29-июль – кабыл алуунун акыркы күнү). Кошумча маалымат (0312) 31 43 94 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Бардык топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
– Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарда белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди жана расмий тилди билүү, ошондой эле чет тилди билүү (зарылдыгы боюнча);
– Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушу;
– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүү.
Автомобиль жол, транспорт саясатын жүргүзүү жана укуктук камсыздоо багытындагы башкы кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Архитектура жана курулуш тармагындагы жогорку кесиптик билим;
– Техникалык багыттагы жогорку кесиптик билим (автомобиль, темир жол, суу транспорту);
– Экономика жана башкаруу багытындагы жогорку кесиптик билим;
– Гуманитардык илимдер тармагында юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык процесстик кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Кылмыш-жаза кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Кылмыш жаза процессуалдык кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Укук-бузуулар жөнүндө кодекси”;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
– Автомобиль жолдору жөнүндө, Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
– 2021-жылдын 6-августундагы № 114 Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
– 2017-жылдын 24-августундагы № 538 Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
– 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө;
– 2017-жылдын 17-августундагы № 512 Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө;
– 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 Жол тармагынын системасын өзгөртүү боюнча чаралар жөнүндө;
– 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө;
– 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө;
– 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча);
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүүгө.
3.2. Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана мамилелерди интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчиликти тартуу;
– милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү;
– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийгендердин ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийгендерге сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулукка ээ болуу;

Автомобиль жол, транспорт саясатын жүргүзүү жана укуктук камсыздоо багытындагы улук кызмат орундарынын тобуна:

1. Кесиптик билим деңгээли:
– Архитектура жана курулуш тармагындагы жогорку кесиптик билим;
-Жол коопсуздугу багытындагы жогорку кесиптик билим;
-Гуманитардык илимдер тармагындагы жогорку кесиптик билим: юриспруденция, эл аралык мамилелер;
-Экономика жана башкаруу багытындагы жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Кылмыш-жаза кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Кылмыш жаза процессуалдык кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “Укук-бузуулар жөнүндө кодекси”;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
– Автомобиль жолдору жөнүндө, башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
– 2021-жылдын 6-августундагы № 114 Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
– 2017-жылдын 24-августундагы № 538 Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
– 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө;
– 2017-жылдын 17-августундагы № 512 Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө;
– 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 Жол тармагынын системасын өзгөртүү боюнча чаралар жөнүндө;
– 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө;
– 2022-жылдын 12-июлундагы № 379 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө;
– 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча);
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүүгө.
3.2. Билгичтиги:
– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчиликти тартуу;
– командада иштөө.

3.3.Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулукка ээ болуу;

 

 

 

 

 

 

wpChatIcon
wpChatIcon