Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти борбордук аппараттын улук жана башкы мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар: Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы топтору үчүн 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 5. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. – Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү; – Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушу; – Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, оргтехника менен иштей билүүсү; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдоно билүүсү. Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн (Суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгы) 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – Төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу адистиктери, суу ресурстары, гидрогеология, инженердик-техникалык багыт, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу адистиктерине артыкчылык берилет). 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы эмгек стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү стаж 3 жылдан кем эмес. 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: Билим: – Кыргыз Республикасынын Суу кодекси; – «Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» жалпы техникалык регламенти. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтому менен бекитилген «Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө» жобо. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы «Административдик кызмат орундарына ченемдик укуктук актыларда белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү жөнүндө» № 9 токтому. Билгичтиги: – кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – кызыкчылыктардын кагылышына, өндүрүштүк жаңжалдарга жана коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө алып келүүчү көйгөйлөрдү өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңыча ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; Көндүмдөрү: – жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу; – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикага колдонуу; – натыйжалуу иш мамилелерин куруу, кызматтык этиканын ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарын жүргүзүү. Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн (Координация жана мониторинг бөлүмү) 1. Кесиптик билим деңгээли: Билим: – төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу адистиктери, суу ресурстары, гидрогеология, юриспруденция, экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, инженердик-техникалык багыт, информатика жана маалыматтык технологиялар адистиги. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы эмгек стаж 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү стаж 5 жылдан кем эмес. 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: – Кыргыз Республикасынын Суу кодекси; – «Ичүүчү суу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Муниципалдык менчик жөнүндө,» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» жалпы техникалык регламенти жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 330 Токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28- августундагы № 531 токтому менен бекитилген Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы «Административдик кызмат орундарына ченемдик укуктук актыларда белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү жөнүндө» № 9 токтому. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; – өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык камсыздоону колдоно билүү. Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн (Эл аралык кызматташтык бөлүмү) 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу адистиктери, эл аралык мамилелер, эл аралык укук ,суу ресурстары, гидрогеология, юриспруденция, экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, инженердик-техникалык багыт, информатика жана маалыматтык технологиялар адистиктери. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы эмгек стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү стаж 3 жылдан кем эмес. 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: – «Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, «Эл аралык келишимдер жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» мыйзамдары; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 451 «Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтому менен бекитилген Департамент жөнүндө жобо. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы «Административдик кызмат орундарына ченемдик укуктук актыларда белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү жөнүндө» № 9 токтому Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу (адаптациялашуу). Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык камсыздоону колдоно билүү. Сынакка катышууга ниеттенген талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат, арызга электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет. – кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен; – илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо). Конкурска катышуу үчүн документтер 17:00гө чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин (2026-жылдын 20-июлунан 29-июлуна чейин) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: 720054, Бишкек ш., Чүй көч., 315, 9-кабат, кабинет-903, телефон: 65-01-32, 65-01-46. Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана келүү, турак жайды жалдоо, жашап туруу, байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт. Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Толук маалымат веб-сайттарда жайгаштырылган: – www/Vet.gov.kg. – https://agro.gov.kg Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти