Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууда. Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөө, кадрдык маселелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү жана башка кайрылуулары каралды. Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев жарандардын кайрылууларын кунт коюп угуп, тиешелүү жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге мыйзам чегинде кароо, зарыл болгон учурда практикалык жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Жетекчи жарандардын кайрылууларын ачык жана жеткиликтүү кароону, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону өз ишинин маанилүү багыттарынын бири катары эсептейт. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көлдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдыгына арналган республикалык семинар-кеңешме болуп өттү KOICA жана Мамлекеттик агенттик «Менин айылым» долбоорун долбоордон кийинки колдоо боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту