Айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата квалификациялык талаптар:
• Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
• 21 жаштан жогору

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;
    3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы
    4. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
    5. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    6. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    7. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    8. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    9. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    10. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
  • “Жайыттар жөнүндө”;
  • “Билим берүү жөнүндө”;
  • “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамдары;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 211 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

 

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы
    3. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    4. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    5. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    6. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

 

  • Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат
    — https://kyzmat.gov.kg/kg
    • жеке арызы, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, өмүр баян (соттолгондугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматты көрсөтүү менен), резюме жана сүрөт;
    • паспорттун көчүрмөсү;
    • талап кылынган кесиптик билимин тастыктаган документтер (диплом) — нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн;
    • эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификацияны жогорулатуу, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү — нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн.

Документтер «Конкурска» деген белгиси бар папка-скоросшивателге тиркелип тапшырылышы керек. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга жол берилбейт.

 

Ачык конкурска катышуу үчүн документтерди, жарыя сайтка жайгаштырылган мезгилден тартып 10 күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу зарыл:  Баткен району, Суу-Башы айыл өкмөтү, Бужум айылы, М. Матисламов көчөсү,

№ 68

Байланыш телефондору: 0771311889

wpChatIcon
wpChatIcon