Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык сынак жарыялайт

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 21 жаштан кем эмес;
3)кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.

1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобуна:
Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
5. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
8. Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
9. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
1.1. Энергетика багыты боюнча 
1. Кесиптик билим деңгээли:
– энергетика боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1.Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУАларды билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
3.2. Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
– башкаруу чечимдерин тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатакты чечүү.
3.3.Көндүмдөр:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда буйруктарды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын алардын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаңы формаларды жана иш ыкмалары издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана чогултуу;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
– компьютердик жана оргтехникалык, керектүү программалык продуктылар менен иштөө.
1.2. Юриспруденция багыты боюнча:
1. Кесиптик билим деңгээли :
– гуманитардык илимдер жаатындагы юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды билүү:
– Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик – процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Мунай жана газ жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
3.2. Билгичтиги:
– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
– кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– жаңы эмгек шарттарына көнүү;
3.3. Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
– компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.
2. Административдик кызмат орундарынын улук тобуна:
Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;
3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама.

2.1. Энергетика багыты боюнча 
1. Кесиптик билим деңгээли:
– энергетика, экономика, гуманитардык илимдер жаатындагы юриспруденция боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУАларды билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
3.2. Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– энергетика системасынын түзүмүн жана иштөө принциптерин түшүнүү, электр энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана сатууну камтыган жабдуулар;
– тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөр:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
– электр энергиясын өндүрүүнү жана пайдаланууну рационалдуу кеңейтүүнүн негизинде өлкөнү электрлештирүүнү камсыз кылуучу өндүрүш (анын ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып иштеп чыгуу режиминде өндүрүү), электр энергиясын берүү, электр энергетикасында оперативдүү диспетчердик башкаруу, электр энергиясын сатуу жана керектөө процесстери жөнүндө түшүнүү жана көндүмдөргө ээ болуу;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.
2.2. Юриспруденция багыты боюнча 
1. Кесиптик билим деңгээли :
– гуманитардык илимдер жаатындагы юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 үч жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик – процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Мунай жана газ жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти.
3.2. Билгичтиги:
– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
– кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– жаңы эмгек шарттарына көнүү;
3.3. Көндүмдөр:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
– компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.
2.3. Экономика багыты боюнча
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Экономика, “Финансы жана кредит”, “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” багыты боюнча жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды билүү:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси.
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын үстүбүздөгү жылга республикалык бюджети жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”.
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2022-жылдын 31-майындагы №171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” .
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1 Б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобо” ж.б.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому.
3.2. Билгичтиги:
– жогорку жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык ишмердикте колдонуу;
– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишиңизди натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
– командалык иш;
3.3 Көндүмдөр:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
– компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу
Сынакка катышууну үчүн “e-Kyzmat” https://kyzmat.gov.kg/ мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу өтүнмө жөнөтүү зарыл (2026-жылдын 12-августунан 25-августуна чейин), өтүнмөгө электрондук форматындагы (документтердин түп нускасынан сканерленген) документтер тиркелет.
– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; (Эгерде кесиптик жогорку билим жөнүндө документ чет мамлекеттин мекемеси тарабынан берилген болсо, талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталына электрондук форматтагы арызына документке апостильди да тиркейт. Документ чет тилинде түзүлгөн учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулган күбөлөндүрүлгөн котормосунун сканерленген көчүрмөсү тиркелет.
Ал эми кесиптик жогорку билим жөнүндө документ чет мамлекеттин QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринин ТОП 500үнө кирген мекеме тарабынан берилген болсо, анда аталган документти Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан нострификациялоо талап кылынбайт. Болбосо, талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталына электрондук форматтагы арызга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан берилген бул документтин нострификациялоо тастыктаган документти да тиркейт.
– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).
Талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталында электрондук форматта арызга тиркелүүчү документтер каралып жаткан кызмат орундарынын тобуна квалификациялык талаптарга шайкеш келүү үчүн документтердин түп нускасынан сканерден өткөрүлүшү керек. Сканерлөөдө негизги документ да, ага кошумча барактар жана тиркемелер да (анын ичинде дипломдорго тиркемелер, жазууларды, белгилерди, мөөрлөрдү, кол тамгаларды жана башка реквизиттерди камтыган кошумча барактар) камтылуугатийиш.
Документтердин сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү толук, кесилген бөлүктөрү жок болууга жана кол тамгаларды, мөөрлөрдү жана 2 башка реквизиттерди кошо алганда, бүткүл документти чагылдырууга тийиш. Документтердин сканерленген көчүрмөлөрү “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук түрдө жүктөлөт.
Файлдар үчүн техникалык талаптар:
Файлдардын жол берилген форматтары: PDF. Эгерде бир нече барак болсо (мисалы, диплом тиркемелери менен, эмгек китепчеси ага кошумча барактары менен), сканерден өткөрүлгөн документ бир PDF файлында берилиши керек. Сүрөт так, оңой окулуучу жана түстүү болушу керек (зарыл болгон учурда, эгерде ал түп нускага дал келсе, боз түстө). Бир файлдын максималдуу көлөмү 10 МБ болушу керек. Көлөм ашып болгон учурда, окуу мүмкүнчүлүгүн жоготпостон сканерленген сүрөттүн чечилишин (dpi) алгылыктуу деңгээлге чейин азайтуу же документти бөлүктөргө бөлүү сунушталат (мисалы, “Эмгек_китепчеси_1–10.pdf”, “Эмгек_китепчеси_11–20.pdf” ж.б.). Сканерленген документтердин мазмунуна коюлуучу талаптар. Файлдар документтин түрүн көрсөтүү менен аталышы керек. Мисалдар: – Diplom.pdf – Emgek_kitepchesi.pdf-Emgek_kitepchesi_1-10.pdf – Tuulgan_tuuraluu_kuboluk.pdf – Til_sertifikaty_B1.pdf. Документтер тексттин бөлүктөрүн жашырбастан же караңгылатпастан толук көлөмдө берилиши керек. Сканерленген документти оңдоого же бурмалоого жол берилбейт, талаачаларды бир аз кесүүгө жол берилет (эгерде бул маалыматтын окулушуна жана бүтүндүгүнө таасир этпесе).“e-Kyzmat” мамлекеттик порталында электрондук форматта арызга тиркелген документтердин бардык сканерленген көчүрмөлөрү талапкердин жеке жоопкерчилиги астында берилген деп эсептелет. “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу арыз берүүдө документтердин сканерленген көчүрмөлөрү түрүндө берилген документтердин түп нускалары талапкер тарабынан аңгемелешүү этабында салыштыруу үчүн көрсөтүлөт.
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Эгерде “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы электрондук форматтагы арызга тиркелген документтердин сканерленген көчүрмөлөрү алардын түп нускаларына дал келбесе же документтер жасалма болуп чыкса, талапкер конкурска катышуудан четтетилиши, кадрлар резервинен чыгарылышы жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Ачык конкурстун кулактандыруусунда көрсөтүлгөн мөөнөттө документтердин сканерленген көчүрмөлөрү толук көлөмдө берилбеген учурда, талапкер конкурстук тандоонун кийинки этабына киргизилбеши мүмкүн.
Тестирлөө этабында талапкер Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-карта) же ким экендигин тастыктаган башка документтин түп нускасын көрсөтөт.
Маалымат үчүн телефон: 0312-67-01-78, иш күндөрү саат 9-00 – 17-00 чейин кайрылсаныздар болот.
Бишкек шаары, Жибек Жолу 326, кабинет 214а.
ЭСКЕРТҮҮ: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга сынакка катышууга уруксаат берилбейт.

 

wpChatIcon
wpChatIcon