Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына карата квалификациялык талаптары Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Сот аткаруучулар кызматынын улук административдик тобуна: 1. Кесиптик билим деңгээли: – Жогорку юридикалык билимдүү. 2. Стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик жана \ же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесипкөй иш-билгилиги: 3.1. Билүү (сынак үчүн мыйзамдар): – Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жарандык укук бузуу жөнүндө” кодекси; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: Сот аткаруучуладын статусу жана аткаруу өндөрүшү жөнүндө”, “Кепилдик жөнүндө”. – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2025-жылдын 11-июлундагы №51-Б “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматын түзүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучудлар кызматы жөнүңдө убактылуу Жобонун 20-пункту. 3.2. Билүүсү: – Жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – Маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана кыскача баяндоо; – Аналитикалык жана башка документтерди, маалыматтарды жана суроолорго жоопторду сапаттуу даярдоо; – Өлкө ичиндеги жана эл-аралык тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; – Өз ишин жана кесиптештери менен кызматташууну натыйжалуу пландоо; – Ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – Жарандардын кайрылууларына жооп даярдоо жана кароо; – Мамлекеттик жана расмий тилдерде деловой кат алышуу; – Командада иштөө; – Жаңы жумуш шарттарына ылайыкташуу. 3.3. Көндүмдөрү: – Ченемдик укуктук актылары менен иштөө жана аны практикада колдонуу; – Ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү; – Мамлекеттик жана расмий тилдерде долбоордук документтерди даярдоо; – Башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыру; – Компьютердик жана офис техникасын, зарыл программалык продукттарды колдонуу. “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg/) жеке кабинети аркылуу сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызына төмөнкү документтерди электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөрүн) тиркөөгө тийиш. Талапкердин жеке арызы; Өздүк баракча 4х6 сүрөтү менен (бланк); Өмүр баяны сүрөтү менен (бланк); Резюме; Паспортунун көчүрмөсү; Эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн копиясы; Аскердик билетинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; Соттулугу жок тууралуу маалымкат; Наркологиялык жана психиатр борборунан маалымкат. Талапкерлер маектешүү этабында “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу берилген сканерленген көчүрмөлөр менен салыштырып текшерүү үчүн документтердин түп нускаларын көрсөтүшү керек. Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же так эмес маалымат аныкталса, талапкер сынактан четтетилиши, кадрлар резервинен чыгарылышы жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Арыздар 2026-жылдын 12-августунан 21-августуна чейин “e-Kyzmat” аркылуу кабыл алынат. Суроолор боюнча төмөнкү номерге чалыңыз: 0500 44 95 12 жана 0705 18 46 52 Документтердин толук топтомун тапшырбаган же сынактын талаптарына жооп бербеген талапкерлер сынакка катышууга өткөрүлбөйт. Сынак өтүүчү жай жана убакыты, ошондой эле катышууга уруксат берилген талапкерлердин тизмеси тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги