«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026–жылдын 13–февралындагы № 43 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы тобуна конкурс жарыялайт:

Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: табият таануу илимдери, физика-математика илимдери, юриспруденция, техникалык илимдери, социалдык илимдери, экономика жана башкаруу.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын 2020–жылдын 3–мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому.
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүүсү, кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонуусу, ошондой эле расмий тилди билүүсү;
– Мыйзамдарга каралган учурларды кызматчынын ишин жүзүгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулуктун болушуна.
Предметтик мыйзамдар:
– «Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 «Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосун жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобосун.
Билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну билүү;
– түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү,
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
– мекемелер аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.

Конкурска катышууну каалаган адамдар 2026–жылдын 26–августуна чейин «Е–кызмат» мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө беришет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтер (сканерленген документтер) тиркелет:
– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).
Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан «Е–кызмат» мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Конкурс боюнча кошумча маалыматты төмөнкү дарек боюнча алса болот: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385

wpChatIcon
wpChatIcon