Квалификациялык талаптар:

1.Билим денгээли: Экология жана айлана-чөйрөнү башкаруу, токой жана аңчылык чарбасы, табигый илимдер (биология, химия, география жана биэкология, геология жана гидрология), программалоо, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу. Бухгалтердик эсеп, экономика жана финансы.

 

Эмгек стажы: Башкы тобуна мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес болуусу зарыл. Улук тобуна мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес стажы болуусу зарыл.

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына

 башкы топтору үчүн төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  8. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  9. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  10. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Предметтик мыйзамдар:

  1. КРнын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамы;
  2. КРнын “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Мыйзамы;
  3. КРнын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
  4. КРнын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. КРнын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. КРнын “Бузуулар кодекси” Мыйзамы;
  7. КРнын “Атмосфералык абаны коргоо боюнча” Мыйзамы;
  8. КРнын “Анчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Мыйзамы;
  9. КРнын “Балык чарбасы жөнүндө” Мыйзамы;
  10. КРнын “Калдыктар жана тоо-кен калдыктары жөнүндө” Мыйзамы;
  11. КРнын “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент” Мыйзамы;
  12. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын

улук топтору үчүн төмөндөгү  мыйзаамдарды билүүсү зарыл:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Предметтик мыйзамдар:

  1. КРнын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамы;
  2. КРнын “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Мыйзамы;
  3. КРнын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
  4. КРнын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. КРнын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. КРнын “Бузуулар кодекси” Мыйзамы;
  7. КРнын “Атмосфералык абаны коргоо боюнча” Мыйзамы;
  8. КРнын “Анчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Мыйзамы;
  9. КРнын “Балык чарбасы жөнүндө” Мыйзамы;
  10. КРнын “Калдыктар жана тоо-кен калдыктары жөнүндө” Мыйзамы;
  11. КРнын “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент” Мыйзамы;
  12. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;

 

 

Жөндөмдүүлүгү:

  1. Оперативдүү чечим кабыл алуу жана жоопкерчиликтүү болуусу;
  2. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  3. Компьютердик сабаттуулук, Автоматташтырылган маалымат системасын билүү;
  4. 1С бухгалтерия жана борборлоштурулган бухгалтердик эсепти билүү .

 

Конкурска катышууга керектүү документтер:

  1. Өз колу менен жазылган арыз;
  2. Паспортун көчүрмөсү;
  3. Керектүү кесиптик билими, эмгек стажы жана квалификациясы жөнүндө документтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  4. Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы;
  5. Сүрөт (4×5) – 2 сүрөт;
  6. Өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен).

 

Эскертүү: Документтер жарыя сайтка чыккан күндөн тартып 10 календардык күн ичинде саат 9:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары,  Алма Алы көчөсү 2а раб.т:(03622) 5-07-94.

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат — https://kyzmat.gov.kg/kg.

Документтер «Конкурска» деген белгиси бар папка-скоросшивателге тиркелип тапшырылышы керек. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга жол берилбейт.

 

 

 

 

wpChatIcon
wpChatIcon