Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин квалификациялык талаптары Административдик муниципалдык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

– Кыргыз Республикасынын жараны;

– Соттолбогон;

– 18 жаштан жашка толгон;

– Жалпы мыйзамдарды билүү Башкы административдик муниципалдык кызмат ордундары үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 5. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүүсү, кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонуусу, ошондой эле расмий тилди билүүсү;

– Мыйзамдарга каралган учурларды кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулуктун болушуна.

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациалык талаптар белгиленет:

Башкы топ (Б-А)

1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку кесиптик билими;

2. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

3. Профессионалдык компетенциялар:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө», «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»;

билгичтиги: -иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;  – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;

көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматчылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу

Конкурска катышууну каалаган талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат – https://kyzmat.gov.kg Арызга электрондук форматтагы (сканерден өткөрүлгөн) төмөнкү документтер тиркелет:

— жогорку кесиптик билиминин (негизги жана кошумча – болгон учурда) бар экендигин ырастоочу документ, анын ичинде тиркемелери;

— эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча баракчалары;

— илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин ырастоочу документ (болгон учурда);

— квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (болгон учурда).

2026-жылдын 8-сентябрдан тартып 17-сентябрына чейин.  Сурап билүү үчүн 0700 86-46-51 телефонуна кайрылсанар болот

wpChatIcon
wpChatIcon