Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү улук административдик кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Жер маселелери боюнча башкы адис (У-Б) (1 штаттык бирдик): 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Айыл чарба жана айыл чарба илимдери, Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Автоматташтыруу жана башкаруу, Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштуруу жана гидрометеорология, Архитектура жана курулуш, Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; Кыргыз Республикасынын Суу кодексин; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомун. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; – аймактагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер ресурстарын эсепке алуу, айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык жерлерди, айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу, жерлерди трансформациялоо, жер мыйзамдарын сактоону жана суу ресурстарын пайдаланууну контролдоо, айыл чарба жерлерин сугаруу маселелери, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын кайра иштетүү, тоют даярдоо, үрөн чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын сатуу ж.б. Талап кылынуучу документтер: – жеке арыз; – кадрларды эсепке алуу баракчасы – 1 даана; – 4х6 өлчөмүндөгү сүрөт – 2 даана; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган); – паспорттун көчүрмөсү; – резюме; – дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган); – өмүр баян. Документтер жарыянын тексти массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып, 10 жумушчу күндүн ичинде Ош облусу, Өзгөн району, Жылалды айылы А. Эсеналиева көчөсү – 12 дареги боюнча Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат. Байланыш телефону: ( 0778) 090100 Жазуулар боюнча багыттоо Алайку айыл аймагынын айыл өкмөтү