Агенттикте Мамлекеттик тил күнү белгиленди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Агенттиктин директорунун орун басары Кубаталиев Руслан Айылчыевич катышып, Агенттик “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунда белгиленген багыттарды, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды, ошондой эле Агенттиктин 2026-жылга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында бир катар иштерди жүргүзүп келерин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тил адиси тарабынан баяндама жасалып, анда майрамдын тарыхы, мамлекеттик тилдин пайдубалын түптөөгө зор салым кошкон агартуучулардын эмгеги, ошондой эле кыргыз элинин кылымдардан бери муундан муунга өтүп келе жаткан накыл кептери, макал-лакаптары тууралуу кеңири сөз болду.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Эсенов Айзаратбек Каныбекович мамлекеттик тилдеги заманбап технологияларды пайдалануу жана мамлекеттик тилди санариптик чөйрөдө өнүктүрүү боюнча баяндама жасап, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик тилдин коомдогу жана мамлекеттик кызматтагы ордун бекемдөө, кызматкерлердин мамлекеттик тилди кызматтык ишмердүүлүктө кеңири жана натыйжалуу колдонушуна өбөлгө түзүү, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган иштерди жайылтуу болду.
wpChatIcon
wpChatIcon