Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тапшырылат: конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүүменен жеке арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт); дипломдун көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге); эмгек китепчесинин көчүрмөсү (түп нускасын алып келүү менен бирге); билимин жогорулаткандыгынтастыктаган документтери; Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу; Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kg) электрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды жарыя чыккан күндөн тартып жумушчу 10 күндүн ичинде саат 18-00гө чейин тапшыруу керек. Тел.: 0709090966 Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт. Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адисине (У-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлекеттик кызмат орду болуп саналат. Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн начальнигине түздөн-түз баш ийет. 1.1. Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин денгээли: – жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды; Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 776 токтому менен бекитилген типтүү жобосун жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл; – билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү. Жазуулар боюнча багыттоо Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарына ички кадрлар резервин толуктоо максатында, ваканттык орундарды түзүү боюнча ачык сынак жарыялайт