АГЕНТТИК КРПМБА МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ МУНИЦИПАЛДЫК ЖЕТЕКЧИЛЕР ҮЧҮН ОКУТУУ КУРСТАРЫН АЧТЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (КРПМБА) менен биргеликте муниципалдык жетекчилер үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча эки окуу курсун баштады.
Окуу курстарын Агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиева ачып берди.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 841 тескемеси менен бекитилген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды 2026-жылга окутуунун мамлекеттик заказынын алкагында уюштурулду.
Курстарга Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын шаарларынын мэрлери, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык райондук администрацияларынын башчылары, ошондой эле Чүй облусунун Панфилов, Москва жана Жайыл райондорунун айыл өкмөт башчылары катышууда.
Окутуунун максаты — жетекчилердин кесиптик башкаруучулук компетенцияларын өнүктүрүү жана аймактарды натыйжалуу башкаруунун практикалык инструменттерин өздөштүрүү.
Окуу программасында аймактарды өнүктүрүүнүн финансылык инструменттери, жер мыйзамдарын колдонуу, санариптик трансформация, жасалма интеллектти пайдалануу, коррупцияга каршы саясат, ачык-айкындуулук, саясий лидерлик, убакытты жана стрессти башкаруу маселелери камтылган.
Окутуу 36 академиялык саатка эсептелип, 2026-жылдын 12–15-октябрь күндөрү өткөрүлөт.
wpChatIcon
wpChatIcon