МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТА ЭТИКА ЖАНА УЛУТТУК НАРК

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери үчүн кызматтык этика жана улуттук нарк-баалуулуктар боюнча окутуу өткөрүштү.

Окутуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматтын негизги маңызы — мамлекетке жана элге ак ниет кызмат кылуу экени белгиленди.

Ошондой эле кызматтык этиканын талаптарын сактоо, улуттук нарк-баалуулуктарды заманбап мамлекеттик кызматтын принциптери менен айкалыштыруу маселелери талкууланды.

Катышуучуларга мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын Этика кодексинин талаптары түшүндүрүлдү. Анын ичинде:

– кызматтык этиканын негизги принциптери;
– кызматтык жүрүм-турумдун этикалык эрежелери;
– кызматтык субординация жана өз ара мамиле;
– жарандар менен баарлашуу маданияты;
– кызматтык баарлашуунун стили;
– мамлекеттик кызматчынын сырткы келбетине коюлуучу талаптар каралды.

Мындай окутуулар мамлекеттик кызматчылардын кесиптик маданиятын жогорулатууга, кызматтык этиканы бекемдөөгө жана мамлекеттик кызматта улуттук нарк-баалуулуктарды жайылтууга багытталган.

wpChatIcon
wpChatIcon