АЙМАКТАРДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮ: ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ 2026-жылдын 3-ноябрында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов баштаган өкүлдөр менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык өз алдынчалыгын бекемдөө, аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатуу, дотациялык айыл аймактарды колдоо жана эки мекеменин кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. АРИСтин өкүлдөрү Талас облусунда региондук экономикалык өнүктүрүүгө багытталган бешинчи долбоордун концепциясын тааныштырышты. Анда аймактардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү демилгелерди колдоо багыттары каралды. Эльчибек Джантаев Агенттик өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында АРИС менен тыгыз кызматташууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Аймактардын экономикалык өнүгүүсү — жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу жана туруктуу өнүгүүгө шарт түзүү. #МамлекеттикКызмат #ЖергиликтүүӨзАлдынчаБашкаруу #АРИС #АймактардыӨнүктүрүү #ЭкономикалыкӨнүгүү Жазуулар боюнча багыттоо Эльчибек Джантаев менен ачык диалог күнү жыйынтыкталды