Эльчибек Джантаев «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында көчөт отургузуу иш-чарасына катышты «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Бишкек шаарындагы «Адинай» жана «Ата-Түрк» парктарына 100 түп ак кайың көчөтү отургузулду. Иш-чарага Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев жана кызматкерлери катышты. Алгач «Адинай» паркында көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү. Андан соң Эльчибек Джантаев кызматкерлер менен баарлашып, улуттук кампаниянын маанилүүлүгүнө, айлана-чөйрөнү коргоодо ар бир жарандын жоопкерчилигине жана жашыл аймактарды көбөйтүүнүн зарылдыгына токтолду. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Агенттиктин административдик кызматкерлери «Ата-Түрк» паркына көчөт отургузушту. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 265-т тескемесине ылайык уюштурулду. Кампаниянын негизги максаты — айлана-чөйрөнү жакшыртуу, жашыл аймактарды кеңейтүү, токойлорду жана жаратылыш байлыктарын келечек муундар үчүн сактоо. Бул демилге борбор калаанын жашыл фондун көбөйтүүгө, шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу чөйрөсүн түзүүгө жана экологиялык маданиятты калыптандырууга багытталган. Жаратылышты коргоо — келечекке кам көрүү! Жазуулар боюнча багыттоо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогу» республикалык волейбол мелдеши уюштурулду Эльчибек Джантаев волейбол боюнча ЖӨБ кубогунун жеңүүчүлөрүн куттуктап, сыйлыктарды тапшырды