Эльчибек Джантаев волейбол боюнча ЖӨБ кубогунун жеңүүчүлөрүн куттуктап, сыйлыктарды тапшырды
2026-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында волейбол боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогу үчүн республикалык мелдештин финалдык этабы жыйынтыкталды.
Мелдешке өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар, ошондой эле Агенттиктин кызматкерлери катышты. Жалпысынан 120га жакын катышуучу спорттук мелдеште күч сынашты.
Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — Ош облусунун командасы;
2-орун — Жалал-Абад облусунун командасы;
3-орун — Ош шаарынын командасы;
4-орун — Нарын облусунун командасы.
Агенттиктин директору Эльчибек Джантаев жеңүүчүлөрдү жана мелдештин бардык катышуучуларын куттуктап, байгелүү орундарга ээ болгон командаларга кубок, медалдар жана дипломдорду тапшырды.
Мындан тышкары, «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу» жана «Мыкты коргоочу» номинациялары боюнча айырмаланган катышуучулар да сыйланды.
Белгилей кетсек, мелдеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.
Спорт — ден соолуктун, биримдиктин, достуктун жана ынтымактын символу!
wpChatIcon