Башкы прокуратуранын кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Прокуратура күнү менен куттуктады.
Куттуктоо иш-чарасынын алкагында Эльчибек Джантаев прокуратура органдарынын кызматкерлерине Агенттиктин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.
Мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө жана ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлери, анын ичинде «Мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгиси менен сыйланышты.
Агенттик прокуратура органдарынын жалпы жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн аткарып жаткан жооптуу кызматтарына ийгиликтерди каалайт!
wpChatIcon