ЖАШТАР — МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТЫН КЕЛЕЧЕГИ! Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик тарабынан жаштар арасында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка болгон кызыгууну арттыруу максатында Кыргыз-Орусия Славян университетинин Б.Н. Ельцин атындагы университетинин студенттери үчүн «Ачык эшиктер күнү» уюштурулду. Иш-чарага катышкан 50 студент эки топко бөлүнүп, Агенттиктин ишмердүүлүгү, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кабыл алуу тартиби, ошондой эле тестирлөөдөн өтүүнүн шарттары менен таанышты. Мындай иш-чаралар жаштарга мамлекеттик кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн таанытып, келечектеги кесиптик тандоосуна багыт берүүгө жана мамлекеттик башкаруу тармагына болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт. Жаштардын демилгеси — мамлекеттик кызматтын өнүгүүсүнө жаңы дем! Жазуулар боюнча багыттоо АГЕНТТИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ «КЫРГЫЗТЕСТ» СИСТЕМАСЫНАН ӨТҮҮГӨ ДАЯРДЫК КӨРҮШТҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТЧЫЛАРЫ КЫТАЙДА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ОКУУДАН ӨТҮШҮҮДӨ