Cүлүктү шаарынын мэриясы улук административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча
АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:
Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
- Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн
— жогорку билим;
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы эмгек стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
Негизги мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Тармактагы мыйзамдар:
- КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы
- КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
- КР “Саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамы;
- Жер кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;
- “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык мыйзам;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси.
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Жеке арыз;
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
- Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Паспорттун көчүрмөсү;
Документтерди 2024-жылдын 16-сентябрына чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот.
Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03
Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.