2025-жылдын 25-августтан 27-сентябрга чейин Японияда англис тилинде өтө турган «Enhancement of Startup Ecosystem in Regional Cities (A)» курс боюнча тандап алуу жарыяланат.
Талапкерлер арызын Финансы министрлигине тапшыруусу кажет, арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 13-июнь, 2025-ж. * узартуу мүмкүнчүлүгү жок
Эгер сиз билген ылайыктуу талапкерлер (уюмдар) бар болсо, бул маалыматты алар менен бөлүшүүңүздү өтүнөбүз. Сураныч, аларга курс боюнча жалпы маалыматты гана эмес, толтурула турган бардык документтерди кошо жөнөтүңүз.
Талапкерлер жалпы маалымат китепчесин кунт коюп окуп чыгып, андан кийин төмөнкү документтерди чогултушу жана толтурушу керек:
- Арыз формасы
- Жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү
- Алгачкы отчет жана маселени талдоо баракчасы (Жалпы маалымат китепчесинин 20-23-бетин жана Тиркеме 1-2 караңыз)
- Англис тили деңгээлин тастыктоочу сертификат (эгер бар болсо)
- Сунуш каты
- Сиздин уюмдан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дарегине жазылган коштомо кат (уюмдун расмий бланкында датасы, чыгыш номери, кол тамгасы жана уюмдун мөөрү көрсөтүлүшү керек)
Андан кийин, документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төмөндөгү кызматкерине ТҮЗДӨН-ТҮЗ КОЛУНА тапшырууңузду суранабыз:
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
— Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 58
— Эл аралык кызматташуу башкармалыгы
— Мурас Утуров — (0312) 625313 (2233)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине документтерди тапшыруу тууралуу бардык суроолор боюнча жогорудагы номерге кайрылсаңыз болот.
Тиркемеде:
- Курс боюнча жалпы маалымат китепчеси ( жүктөө үчүн бул жерди басыңыз 01_GI_202411589J001_Enhancement of Startup Ecosystem In Regional Cities(A) )
- Арыз формасы ( жүктөө үчүн бул жерди басыңыз
)
- Тиркеме 1-2 ( жүктөө үчүн бул жерди басыңыз 02-1_Annex.1 )
- Арыз формасынын орус тилине котормосу (арыз англис тилинде толтурулушу керек, орусчасы маалымат үчүн гана тиркелди) ( жүктөө үчүн бул жерди басыңыз
)
- Сунуш каттын формасы ( жүктөө үчүн бул жерди басыңыз
)
✦ JICA программаларынын талапкерлерине (жаш лидерлер программасы болобу, же өнөктөш уюмдар үчүн программа болобу, түрүнө карабастан) жалпы маалыматты кылдаттык менен окуу, арызды туура толтуруу (атап айтканда, талапкердин кызмат милдеттери, бөлүмү/башкармалыгы ж.б. жөнүндө маалыматтарды так жана туура жазуу) жана талаптарга ылайык отчетторду даярдоо керек экенин эскертүүңүздү суранабыз.
✦ Интервьюга талаптарга жана шарттарга толук жооп берген талапкерлер гана чакырылат.
✦ Тандоонун кайсы гана этабында болбосун, талапкердин дисквалификация болушунун себептери АЧЫККА ЧЫГАРЫЛБАЙТ.