Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө региондук кадрлар резервине, ошондой эле, республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө муниципалдык кадрлар резервине кабыл алуу үчүн конкурс жарыялайт

Конкурс үч этапта өткөрүлөт:

  • Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин изилдөө.
  • Экинчи этап– компьютердик тестирлөө (тестирлөө үчүн УЧА тизмеси).
  • Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар түз аңгемелешүү этабына киргизилет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 7 жылдан кем эмес иш стажы.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

— жогорку билим;

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 7 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес иш стажы.

Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
 5 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.

Облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 7 жылдан кем эмес иш стажы.

Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна

квалификациялык талаптар

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Райондук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– жеке арыз тиркемеге ылайык;

– сүрөтү менен резюме тиркемеге ылайык;

– негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтердин (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөлөрү;

– нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсү;

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтер 2024-жылдын 13-мартынан 15-мартына чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат.

ЖМА башчысы — акиминин, анын орун басарларынын, ошондой эле, республикалык, облусттук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундары үчүн милдеттүү түрдө, документтер көктөмөгө (документтер үчүн тикме папка) тиркелип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине берилүүгө тийиш. Дареги боюнча: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 3-кабат,. 304-каб. (Панфилов көчөсүнөн кире бериш). Тел. 660149, 620412.

Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундары үчүн милдеттүү түрдө, документтер көктөмөгө (документтер үчүн тикме папка) тиркелип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактар аралык башкармасына берилүүгө тийиш.

  • Дареги: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 1-кабат.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу: тел.:(0312) 62-08-90,62-05-49, 62-08-14.

  • Дареги: Нарын ш.Ленин көчөсү 76, (КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2-этаж)

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел: (03522) 5-23-00,

(0708) 32-43-25.

  • Дареги: Талас ш. Бердике Баатыр көчөсү 287, (КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2-этаж)

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел: (03422) 5-48–99

  • Дареги: Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105, (КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2-этаж)

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03922) 5-05–65.

  • Дареги: Ош ш. Ленин көчөсү 221, (КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2-этаж).

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03222) 5-66-15, 5-50-76.

  • Дареги: Баткен ш. Т.Садыков көчөсү 221, (КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 2-этаж).

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03622) 5-02-93.

  • Дареги: Жалал-Абад ш. Эркиндик көчөсү 11, (КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 1-этаж).
  • Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.:(03722) 2-45-66, 2-43-06.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын документтери кайтарылып берилбейт.