Агенттикте “тегерек стол” болуп өттү

 2022-жылдын 19-июлу саат 15.00 те Агенттиктин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын иштелип чыгып жаткан Типтүү уставынын долбооруна киргизүү боюнча сунуштарды кароо боюнча “тегерек стол” болуп өттү.

“Тегерек столдо” жергиликтүү жамааттардын өз айыл аймагын, өз шаарын өнүктүрүүгө катышуусунун зарылдыгы жана жолдору, анын ичинде жарандардын булмаксатта өз эсебинен каражат жумшоосу, фондуларды түзүүсү жана башкаруусу, бул багыттагы айрым алдыңкы мекенчил адамдардын, жергиликтүү жамааттардын жакшы тажрыйбаларын жайылтуунун жолдору, жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигин эрежелештирүү маселелеринин айланасында 2 саатка чукул кызуу талаш-тартыш болду.

“Тегерек столго” мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы Бекова Кайыркүл Сардарбековна,  Аламүдүн айылдык кеңешинин төрагасы Филимоненко Алексей Петрович, Сокулук районундагы Крупская айылдык кеңешинин депутаты, Семаыл ундонг кыймылынын лидери Абдрахманова Бактыгүл Бекташевна,  Ала-Арча айыл аймагынын дыйкан чарбасынын жетекчиси Сурантаев Тейит, “Жаштарды өнүктүрүү Институту” (ЖӨИ) Коомдук Бирикмесинин аткаруучу директору Саркулова Мадина катышышты. Агенттиктин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Р.А. Мендекеев “тегерек столго” модераторлук кылды.