Агенттиктин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты
Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын 15-сентябрындагы №20-11305 тапшырмасына ылайык, республика боюнча жалпы республикалык ишембилик – Улуттук тазалык күнү өткөрүлдү.
Ишембиликке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Агенттиктин эмгек жамаатын директордун орун басары Руслан Кубаталиев баштап чыгып, Бишкек шаарындагы Курманжан Датка көчөсү, 811 дарегинде («Глобус» соода борборунун аймагында) тазалык иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө аймакты тазалоо менен бирге тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултууга көңүл бурулуп, пластик (ПЭТ бөтөлкөлөр), кагаз жана айнек, ошондой эле кайра иштетүүгө мүмкүн болбогон башка калдыктар өзүнчө топтолду.
Улуттук тазалык күнү — айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, коомдук жайларды көрктөндүрүүгө жана экологиялык маданиятты жогорулатууга багытталган маанилүү коомдук иш-чара.
Агенттиктин эмгек жамааты өлкөбүздүн тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө өз салымын кошту.
wpChatIcon
wpChatIcon