Агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиева ТМУга мүчө өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча жетекчилеринин V жыйынына катышты Азербайжандын Ханкенди шаарында Түрк Мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин V жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиева катышты. Быйылкы жыйын «Санариптештирүү жана жасалма интеллект доорундагы адам ресурстары: өнүгүү, келечек жана чакырыктар» темасына арналды. Жыйындын жүрүшүндө Б.С. Усеналиева Мамлекеттик агенттиктин атынан куттуктоо сөз сүйлөп, Кыргызстанда адам ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүү, кадрларды башкаруу процесстерин санариптештирүү, мамлекеттик кызматка тандоонун заманбап механизмдерин киргизүү, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Иш-чаранын алкагында ТМУга мүчө мамлекеттердин адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүү, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле мамлекеттик кызматты заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүүнүн келечектеги багыттары талкууланды. Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик агенттикте БУУӨПтүн өкүлү Кристофер Тангри менен жолугушуу өттү Агенттиктин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты