Мамлекеттик агенттикте БУУӨПтүн өкүлү Кристофер Тангри менен жолугушуу өттү 2026-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде Кадр саясаты башкармалыгынын начальниги Мыктыбек Омурзаков БУУӨПтүн (ПРООН) Стамбулдагы Регионалдык бюросунун Конфликттердин алдын алуу жана тынчтыкты чыңдоо багытынын жетекчиси Кристофер Тангри менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чыр-чатактардын алдын алуу, тынчтыкты куруу, социалдык ынтымакты чыңдоо жана аймактарды, өзгөчө Баткен облусун туруктуу өнүктүрүү багытындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ошондой эле чек арага жакын аймактарда мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу, жаштарды жана аялдардын ишкердигин колдоо, ошондой эле тынчтык инфраструктурасын чыңдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду мындан ары кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болду. Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү бекемдөөгө жана калктын бакубаттуулугуна багытталган жаңы демилгелерди биргеликте ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде кадр маселелери боюнча практикалык окутуу өткөрүлдү Агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиева ТМУга мүчө өлкөлөрдүн адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча жетекчилеринин V жыйынына катышты