Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде кадр маселелери боюнча практикалык окутуу өткөрүлдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери үчүн практикалык окутуу өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруунун сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын документтерди жүргүзүүдө сакталышын камсыз кылуу. Окутуу эки негизги багыт боюнча өткөрүлдү: 1. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мониторингдин жыйынтыктары боюнча аныкталган негизги бузуулар жана аларды алдын алуу чаралары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика талаптарын сактоосу боюнча маселелер. Аталган багыттын алкагында мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлгөн мониторингдердин жүрүшүндө аныкталган типтүү кемчиликтер, алардын негизги себептери каралып, мындай бузууларга жол бербөө боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Өзгөчө көңүл мыйзам талаптарын күнүмдүк ишмердикте практикалык колдонууга, кабыл алынган чечимдердин өз убагында аткарылышын камсыз кылууга, ошондой эле жооптуу кызматкерлердин ишин талаптагыдай уюштурууга бурулду. 2. Иш кагаздарын, анын ичинде кадр иш кагаздарын жүргүзүү. Катышуучуларга иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга жана жүргүзүүгө, документтерди жана кадрдык документтерди белгиленген талаптарга ылайык тариздөөгө коюлуучу талаптар түшүндүрүлдү. Практикалык окутуунун жүрүшүндө кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Ошондой эле Агенттиктин кызматкерлери мыйзам талаптарын практикалык жактан колдонуу жана документтер менен иштөөнү туура уюштуруу боюнча тиешелүү практикалык жардам көрсөтүштү. Мындай иш-чараларды өткөрүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатууга, иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууну өркүндөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Жазуулар боюнча багыттоо JDS долбоорунун Башкаруу комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү