JDS долбоорунун Башкаруу комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү Бүгүн, 2026-жылдын 16-сентябрында JDS долбоорунун жаңы 2027–2029-окуу жылдарына тандоо шарттарын бекитүүгө байланыштуу Башкаруу комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиева, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ХИРАНО Рюити, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, ошондой эле Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жана Эл аралык кызматташтык боюнча Япония борборунун (JICE) өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө JDS долбоорунун негизги шарттары жана талаптары каралды: Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар; Долбоорду ишке ашыруу графиги; Талапкерлерди тандоо, арыз берүү жана башка маселелер. Тараптар тарабынан JDS долбооруна мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын көбүрөөк санын тартууга, алардын арасынан окууну аяктагандан кийин өлкө үчүн маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарда жогорку кесипкөйлүк менен иш алып барууга жөндөмдүү, келечеги кең жана таланттуу жаштарды аныктоого өзгөчө көңүл буруу белгиленди. Жолугушуунун соңунда Б.С. Усеналиева JDS долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга кошкон баа жеткис салымы үчүн япон тарапка терең ыраазычылык билдирди. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Чжанг Чжиын айым менен жолугушту