Кыргыз Рееспубликасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекетик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Майрамыңыздар менен!
Мамлекетик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин профсоюз комитети Эл аралык карылар күнүнө карата мекеменин улуу муунга таяп калган кызматкерлерине, мамлекетке кошуп жаткан салымдарын эске алуу менен чакан белектерин тапшырды.
Эске салсак, 1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул датаны 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.
Алгач Европада, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйөн белгилей баштаган. Анын ичинде Кыргыз Республикасы дагы бар. Мунун баары улгайган адамдардын укуктарын коргоо, аларга көмөк көрсөтүү үчүн жасалат.
«Карысы бардын, ырысы бар»-демекчи, Агенттикте акыл токтоткон куракты таяп калган, жаштарга жол көрсөтчү инсандардын арбындыгы кубандырат.
Бар болуңуздар, ардактуу кесиптештер!
Тактай кетсек Агенттикте 60 жаштан ашкан 8 кызматкер бар экен. 60 жаштан өйдө улгайган курак болуп эсептелет тура.