Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин жетекчилиги астында Агенттик тарабынан жарым жылдыкта жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны болууда. Агенттиктин алдына негизги 4 милдет коюлган, алар: -Мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өнүктүрүү; -Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу; -Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү жана оптимлдаштыруу; -Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу-укуктук жана финансы- экономикалык негиздерин бекемдөөгө көмөктөшүү болуп эсептелинет. Жогорудагылардан тышкары: Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана иш планын ишке ашыруу; Статистикалык маалыматтарды түзүү; Кадрлар резервин түзүү; Кадрлардын резервине талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү; Санариптик технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү; Мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана ЖӨБ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү; Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө; Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу; Эл аралык байланыштар. https://web.telegram.org/stream/%7B%22dcId%22%3A2%2C%22location%22%3A%7B%22_%22%3A%22inputDocumentFileLocation%22%2C%22id%22%3A%225404540876804332438%22%2C%22access_hash%22%3A%222043109231795731041%22%2C%22file_reference%22%3A%5B1%2C0%2C0%2C13%2C232%2C98%2C225%2C15%2C150%2C215%2C12%2C124%2C218%2C88%2C244%2C252%2C102%2C191%2C88%2C86%2C248%2C119%2C120%2C236%2C213%5D%7D%2C%22size%22%3A200487745%2C%22mimeType%22%3A%22video%2Fmp4%22%2C%22fileName%22%3A%22%D0%BE%D1%82%D1%87%D0%B5%D1%82%20%D0%AD.%D0%9D%20%D0%94%D0%B6%D0%B0%D0%BD%D1%82%D0%B0%D0%B5%D0%B2_Trim.mp4%22%7D Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жарым жылдык жасалган иштери тууралуу Агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин отчету Агенттиктиктин түндүк аймак аралык башкармалыгы Жумгал районунда семинар өткөзүштү