Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич аймактарга иш сапары менен чыгып келди.
Иш сапардын негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аймактык маселелери менен жеринен таанышуу болуп саналат.
Тактап айта турган болсок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык бирдиктеринин типтүү жобосу иштелип жаткандыгына байланыштуу, кызматкерлер тагылган милдетти кандай аткарып жаткандыгы, штаттык бирдиктердин ашык же кем экендигине анализ жасоо.
Ошондой эле, мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тартиби кандай жолго коюлган жана кызматты аткарууга атайын кызматкерлер бөлүнгөнбү, ишти алып баруунун жолго коюлушу кандай жүйөлөштүрүлгөндүгүн иликтөө.
Андан тышкары, маданият тармагынын кызматкерлеринин акысы, кызматка дайындоо менен имараттарын тейлөө маселесин чечилиш жолдорун карап чыгуу аркасында бирдейлештирилген тартипке салууну камсыз кылуу ишин жолго коюуну көздөйт.
Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев, Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы –М.Ж. Омурзаков иш сапардын алкагында Нарын обулусунун, Ат-Башы районунун, Ат- Башы айыл өкмөтү, Кочкор районунун, Кош-Дөбө айыл өкмөтү, Ысыккөл обулусунун Балыкчы шаары менен Көк-Мойнок айыл өкмөтөрүндө болушуп жогоруда аталган маселелер менен жеринде таанышып келишти. Айтылган маселелер боюнча иш сапарлар жыйынтыкталган соң, анализ жасалып бирдейлештирүү жана жолго коюу боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берилет.
Кошумчалай кетчү жагдай.
Бүгүнкү күндө аймактардагы маданий очоктордун имараттары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында турушу менен алардын каражаттары имаратты кармап турууга жумшалууда. Ошол эле кезде кээ бир жерлерде маданият кызматкерлерин дайындоо милдети райондук маданият бөлүмү ишке ашырса, айрым аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары кызматка коюп келет. Андан тышкары маданият кызматкерлеринин айлыктары жүз пайыз көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, мамлекет тарабынан кошумча каржы алган (дотацияда отурган) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маданият кызматкерлеринин акысын төлөп берүү өтө чоң жүк болууда. Бул маселени чечүүдө министрлик, ведомстволор жана алардын ичинен учурда Маданият спорт туризм жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте иш алып барылууда.