Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл өкмөтү Кыргыз
Республикасынын “Мамлекеттик жарандык  кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде  бош административдик муниципалдык кызмат орунун ээлөөгө сынак жарыялайт

 1.Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис.

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу,физика-математика илимдери жана фундаменталдык  информатика,эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талаптар коюлбайт;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө “мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын ;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди,маалыматтарды,суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо ;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу ;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана /же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө

 

 

  1. Аскердик эсепке алуу столунун инспектору-1 орун

Функционалдык милдеттери:

-аскердик каттоо иштери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иш алып баруу;

-таза суу жана таштанды акыларын калктан чогултуу иштерин кошумча жүргүзөт.

Квалификациялык талаптары:

-Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, 18 жаштан жаш болбогон;

Билими: жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

-иш стажына талаптар коюлбайт;

мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүсү;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик-укуктук актыларын билүүсү;

-компьютерде иштөө  тажрыйбасы  (WORD, EXCEL);

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

— бош муниципалдык  кызмат ордун көрсөтүү менен өздук арызы;

 — бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

— кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 эки даана);

— өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— резюме;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, кваливикациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

 

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Кабыл алуу убактысы саат 8-30дан – 17-30га чейин жүргүзүлөт.

Дареги: Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү № 46, Бакай-Ата айыл өкмөтү

Байланыш   телефону:  03457 32281, 03457 60223