
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН ДИРЕКТОРУ
15.11.2021-жыл – азыркы учурда
Кабылдама: 0(312) 62-04-05
Директордун жардамчысы: 0(312) 62-42-16
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич 1973-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Советское айылында туулган, 2005-2011-жылдары академик Ж.Алышбаев атындагы Ысык-Көл кооперация институтунан билим алып, “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кесибине ээ болгон.
Э.Н.Джантаев өзүнүн эмгек жолун 1993-жылы Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя орто мектебинин чарба бөлүмүнүн башчысы болуп иштөөдөн баштаган.
2002-2003 жылдары Ак-Чий айыл өкмөтүнүн экономист-статисти, 2003-2009-жылдары Ак-Чий айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,
2009-2012-жылдары Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
2012-2013-жылдары Ак-Чий айылдык Кеңешинин төрагасы,
2013-2014-жылдары Ак-Суу райондук жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кошмо жыйналышынын төрагасы;
2014-2018-жылдары Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары,
2018-2020-жылдары Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким,
2020-жылдын 29-июлунан 30-октябрга КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, ошол жылдын 30-октябрынан тартып Ыйгарым укуктуу өкүл болуп иштеп баштаган.
Ал эми, 2021-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамоталары, «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин “Айлана чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин “Статистиканын отличниги” төш белгилери менен сыйланган.
Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун 2018-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан “2018-жылдын мыкты акими” наамы ыйгарылган.
Муниципалдык кызматтын 1-даражадагы кеңешчиси.
Дүйшөнбү 14:00-17:00
Дареги: пр. Чуй., каб . 201 каб

Байдылдаев Мурат Курманбекович
тел: 66-46-56
Среда 14:00-17:00
Дареги: Киев көчөсү, 96 б. 401 каб

Аттокуров Алмаз Анарбекович
тел: 66-02-41