1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3296-VI токтомун аткаруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардан маалымат чогултулуп, 2022-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилди.
2. Бөлүм тарабынан 2022-жылдын 19-октябрында (чыгыш № 01-13/362) республикадагы бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык ишканалар боюнча маалымат алуу максатында кат жиберилди. Азыркы учурда маалыматтар алына баштады.
3. 2022-жылдын 20-октябрында Агенттиктин директорунун орун басары Р.М. Алыкуловдун тапшырмасы менен “Кара-Балта тоо-кен комбинаты” ачык акционердик коомуна таандык болгон аянты 21,0 га жер участогун Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине Кара-Балта шаарынын турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо, таштанды төгүүчү жайды уюштуруу жөнүндө Агенттик тарабынан буга чейин аткарылган иштер боюнча маалымат даярдалып жетекчиликке берилди.
4. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун ишке ашыруу максатында, жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби иштелип чыгып, Агенттиктин директорунун буйругу даярдалып, макулдашуу этабы жүрүп жатат.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын ишке ашыруу максатында шаарлардын, айылдардын аймактарын көрктөндүрүү боюнча типтүү эрежелери иштелип чыгып, Агенттиктин директорунун буйругу даярдалып, макулдашуу этабы жүрүп жатат.
6. 2022-жылдын 18-октябрында бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги учурунда түзүлгөн келишимдер Агенттиктин эл аралык кызматташтык жана окутуу бөлүмүнө акт менен өткөрүлүп берилди.
7. Бөлүм тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” Жобонун негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүздү. Азыркы учурда маалымкат даярдалып жатат.
8. Бөлүмдүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана эл аралык соода уюму менен биргеликте уюштурулган “Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү” деген темада Чолпон-Ата шаарында эки күндүк семинарга катышты. Семинар электрондук коммерцияны өнүктүрүү Программасын ишке ашырууга катышкан мамлекеттик кызматкерлер үчүн электрондук коммерциянын негизги түшүнүктөрү жана рыноктук мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн уюштурулганын маалымдайбыз
Маалымат катары белгилеп кетсек, “2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү программасы” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы токтому менен бекитилген.
10. 2022-жылдын 21-октябрында Агенттик менен USAID уюмунун “Жигердүү жарандар” долбоору кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.
Меморандумга жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жарандык катышууну күчөтүү жана сапаттуу кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында кол коюлду. Тараптар “Жигердуу Жарандар” долбоорун ишке ашырууда жана анын максаттарына жетүүдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү жөнүндө макулдашышты.
Меморандум кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет жана 2024-жылга чейин күчүндө болот.
11. Бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 31-октябрындагы көчмө жыйынына маалыматтар даярдалып жатат.
12. Бөлүм тарабынан келип түшкөн укуктук ченемдик актылардын долбоорлору, жогору турган органдардын тапшырмалары жана жарандардын кайрылуулары өз убагында аткарылышы көзөмөлгө алынган.
13. Ошондой эле, бөлүм тарабынан үзгүлтүксүз негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук, консультативдик жана практикалык жардам көрсөтүлүп жатат.