Агенттикте JDS долбоору боюнча жолугушуу болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыгуль Усеналиева Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырза жана JICA өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасындагы жетекчиси Нишигато Котаро мырза менен «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» JDS долбоорунун алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө директордун орун басары Бактыгуль Усеналиева JDS долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткандыгы үчүн Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, Бактыгуль Усеналиева JDS долбоорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик потенциалын жогорулатуудагы маанилүү ролун белгиледи. Анын айтымында, программанын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар Япониянын алдыңкы жогорку окуу жайларында заманбап жана сапаттуу билим алып, алган тажрыйбасын жана билимин Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багыттап келишет.
Мындан тышкары, Бактыгүл Усеналиева JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы карьералык өсүшү жогорку деңгээлде экендигин белгиледи. Ал долбоордун Кыргызстанда 20 жылдан бери туруктуу негизде ишке ашырылып келе жаткандыгы анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар арасында кеңири таанылып, суроо-талапка ээ болушуна өбөлгө түзгөнүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар JDS долбоорунун алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен иштерди улантуу боюнча пикир алышты.
wpChatIcon
wpChatIcon