Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин имаратында Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин өкүлдөрү менен онлайн-семинар болуп өттү.
Жолугушууга Агенттиктин директорунун орун басары Б.С. Усеналиева, бөлүмдөрдүн башчылары жана Агенттиктин кызматкерлери катышты.
Онлайн-семинардын алкагында мамлекеттик кызматты өркүндөтүү жана адам ресурстарын натыйжалуу башкаруу багытында тажрыйба алмашуу болуп, төмөнкү маселелер талкууланды:
– кызматкерлерди тестирлөөнүн жана баалоонун заманбап ыкмалары;
– талапкерлерди тандоонун критерийлери жана этаптары, ошондой эле маектешүү өткөрүүнүн тартиби;
– маалыматтык системаларды натыйжалуу пайдалануу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;
– талапкерлерди тестирлөө жана тандоо учурунда практикалык тапшырмаларды өткөрүүнүн тартиби.
Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин өкүлдөрү мамлекеттик кызматта адам ресурстарын башкаруунун заманбап ыкмалары, кадрдык процесстерди санариптештирүү, талапкерлерди тандоо жана баалоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты
wpChatIcon
wpChatIcon