Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин борбордук аппаратынын башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
3.Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
6.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.»Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
•Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
•Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы).

БАШКЫ АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН ТОПТОРУ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— юриспруденция, журналистика, жарнама жана коомчулук менен байланыш, бардык багыттагы филологиялык илимдер жаатындагы багыттар боюнча, гуманитардык илимдер тармагындагы жогорку билим.
2. Иштеген жылдары жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген жылдарынын жыйындысы 3 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иштеген жылдары 5 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенциялары:

1) Юриспруденция багыты боюнча:
Билүүсү зарыл:
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодекси; Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө”, “Патент мыйзамы”, Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө”, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө”, “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын укуктук коргоо жөнүндө”, “Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө”, Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө”, “Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө”, “Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө”, “Коммерциялык жашырын сыр жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуштар жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти.
Көндүмү:
— мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана укуктук экспертизалоо тажрыйбасы.

2) Журналистика багыты боюнча:
Билүүсү зарыл:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө”.
Көндүмү:
— ведомстволор аралык өз ара иштешүү.

УЛУК АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН ТОПТОРУ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

1)Эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары жаатында:

1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары, электроника, радиотехника жана байланыш жаатында жогорку билими.
2.Иштеген жылдары жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген жылдарынын жыйындысы 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иштеген жылдары 3 жылдан кем эмес.

3. Билүүсү зарыл:
-«Электрондук кол коюу жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Жеке маалымат жөнүндө», «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-маалыматтык технологиялар маселелери.

2) Интеллектуалдык менчик объектилерин экспертизалоо тармагындагы багытта:

1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— техникалык илимдер, экономика жана башкаруу, гуманитардык же табигый илимдер жаатында жогорку билими.
2.Иштеген жылдары жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген жылдарынын жыйындысы 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иштеген жылдары 3 жылдан кем эмес.
3.Билүүсү зарыл:
— «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө», «Патенттик мыйзам» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын катышуусу менен эл аралык нормалар жана макулдашуулар:
•Өнөр жай менчигин коргоо боюнча 1883-жылы түзүлгөн, 1967- жылы кайра каралган,1979-жылы толуктоолор киргизилген Париж конвенциясы;
•Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Декларациясы менен Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган1891-жылы түзүлгөн,1967-жылы кайра каралган, 1979-жылы толукталган белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу;
•Эл аралык белгилерди каттоо Мадрид макулдашуусуна Протокол (Мадрид, 28-июнь, 1989-жыл)
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилген Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмөнү даярдоонун, берүүнүн жана кароонун эрежелери.

3)Автордук жана чектеш укуктар тармагындагы багытта:
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— кайсы тармактагы болбосун жогорку кесиптик билими.
2.Эмгек стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген жылдарынын жыйындысы 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иштеген жылдары 3 жылдан кем эмес.
3.Кесиптик компетенциясы:
Билүүсу зарыл:
— «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө»; «Электрондук эсептөө машиналары жана маалымат базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы N 686 токтому менен бекитилген Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттоого арызды даярдоонун, берүүнүн жана кароонун эрежелери;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы N 748 токтому менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектисин каттоого арызды даярдоонун, берүүнүн жана кароонун эрежелери;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы N 748 токтому менен бекитилген Интегралдык микросхемалардын топологиясын расмий каттоого арызды каттоонун, даярдоонун, берүүнүн жана кароонун эрежелери;
— Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо боюнча Берн конвенциясы (Кыргыз Республикасы Конвенцияга 1998-жылдын 24-июлундагы№ 100 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган);
— Кыргызпатенттин төрагасынын 2018-жылдын 26-мартындагы No 54 буйругу менен бекитилген Автордук сый акыны бөлүштүрүү эрежелери.

АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН КЕНЖЕ ТОБУНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— юриспруденция багыты боюнча гуманитардык илимдер тармагындагы жогорку билими: филология, ошондой эле башка багыттар боюнча, экономика боюнча бардык тармактарды башкарууну, информатика жана маалыматтык технологиялар боюнча тармактарда, электроника, радиотехника жана байланыш боюнча бардык тармактарда, эл аралык мамилелер, чет тилдер, лингвистика же менеджмент (англис тилин жогорку деңгээлде билүү боюнча тиешелүү документи менен), техникалык илимдер боюнча бардык тармактарда, табигый илимдер же саламаттыкты сактоо боюнча бардык тармактарда.
2. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:
— эмгек стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенциясы:

1) Юриспруденция багыты боюнча:
1.1.Билүүсү зарыл:
— Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодекси; Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө», «Патенттик мыйзам», «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук жактан коргоо жөнүндө», «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө», «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө», «Электрондук эсептөө машиналары жана маалымат базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө», «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө», «Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө», «Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө», «Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө», «Коммерциялык сыр жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик процедуралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешмеде каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо эрежелери;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы No 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти.

1.2. Билүүсү зарыл:
-Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө», «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө», «Патенттик мыйзам», «Электрондук эсептөө машиналары жана маалымат базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө», «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө», «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук жактан коргоо жөнүндө».
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы N 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти.

2) Адам ресурстарын башкаруу тармагы боюнча:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
-юриспруденция, саясат таануу же экономика жана башкаруу тармагындагы бардык багыттар боюнча гуманитардык жогорку билими:
-Билүүсү зарыл:
-«Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 токтому менен бекитилген Эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартиби;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы No 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобо.

3)Расмий басылмаларды даярдоо жаатындагы тармактык багытта:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— кандай болбосун тармактагы жогорку кесиптик билим.
Билүүсү зарыл:
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.

4)Экономика жана башкаруу багытында:
Билүүсү зарыл:
-Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси.
-«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
Көндүмдөрү:
-мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү;
-тендердик келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
-финансылык аналитикалык документтерди даярдоо.

5)Инновация ишмээрдүүлүк чөйрөсүндөгү тармактык багытта:
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
-кандай болбосун багыттар боюнча гуманитардык же экономика жана башкаруу боюнча жогорку билим.
Билүүсү зарыл:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Патент мыйзамы”, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, Патент мыйзамы.

6)Эсептөөчү технологиялар жана маалыматтык технологиялар жаатындагы тармактык багытта:
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— компьютердик технологиялар жана маалыматтык технологиялар, электроника, радиотехника жана байланыш тармагында жогорку билими.
Билүүсү зарыл:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:«Электрондук кол коюу жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»

7)Эл аралык мамилелер жана лингвистика жаатында:
Билүүсү зарыл:
-«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-Евразиялык патенттик конвенция (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1995-жылдын 27-сентябрындагы № 213-1 жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 167-1 токтомдору менен ратификацияланган);
-1967-жылдын 14-июлундагы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмун түзүү жөнүндө Конвенция (1979-жылдын 2-октябрындагы өзгөртүүлөрү менен);
-2010-жылдын 19-ноябрындагы Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуу (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № 17 Мыйзамы менен ратификацияланган).

8)Интеллектуалдык менчик объектилерин экспертизалоо тармагындагы багытта:
8.1.Билүүсү зарыл:
-«Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
• 1883-жылы түзүлгөн, 1967-жылы кайра каралып, 1979-жылы оңдоолор киргизилген Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы;
• 1891-жылы түзүлгөн, 1967-жылы кайра каралган жана 1979-жылы толукталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Декларациясы менен Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган Белгилерди эл аралык каттоо боюнча Мадрид макулдашуусу;
• Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна Протокол (1989-жылдын 28-июнундагы Мадрид шаары);
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы №685 токтому менен бекитилген Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмөнү даярдоонун, берүүнүн жана кароонун эрежелери.

8.2. Билүүсү зарыл:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө”, “Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө”, «Патенттик мыйзам», “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө”, “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилген Ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилген Пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилген Өнөр жай үлгүлөрүнө патент берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилген Селекциялык жетишкендиктерге патент берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 154 токтому менен бекитилген Товардык белгини пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө өтүнмөнү жана катталган товардык белгилерди пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында рационализатордук сунуштар жөнүндө жобо;
-Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык ченемдер жана макулдашуулар:
•Өнөр жай менчигин коргоо боюнча 1883-жылы түзүлгөн, 1967- жылы кайра каралган,1979-жылы толуктоолор киргизилген Париж конвенциясы
•Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Декларациясы менен Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган 1979-жылы жана 1984-жылы кайра каралган, 1970-жылы түзүлгөн Патенттик кооперация (РСТ) жөнүндө келишим;
•Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-январындагы №10 “Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча Эл аралык конвенцияга кошулуу жөнүндө” Мыйзамы менен Кыргыз Республикасы кошулган 1961-жылы түзүлгөн, 1972-жылы, 1978-жылы жана 1991-жылы кайра каралган Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча Эл аралык конвенциясы.

9)Автордук укук жана чектеш укуктар жаатындагы тармактык багытта:
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
-кандай болбосун тармактагы жогорку кесиптик билим.
Билүүсү зарыл:
-«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө»Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 токтому менен бекитилген Автордук жана чектеш укуктар объекттерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акынын минималдуу ставкалары жөнүндө жобо.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:
-өзүнүн арызы;
-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-резюме сүрөтү жана электрондук дареги менен;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
-паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Сынакка катышуу үчүн документтер 2022-жылдын 11-мартынан 24-мартына саат 18.00го чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Московская көчөсү, 62, 405-б. (кадрлар бөлүмү).
Сурап билүү телефону: 68-18-37.

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.