Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаменти
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат ордуна кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: (мамлекеттик сатып алуулар багытына)
1) Кесиптик билим деңгээли:
— экономика багыты боюнча “Экономика жана башкаруу”; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы жана кредит: бардык багыттар боюнча “Гуманитардык илим” жаатында жогорку билим;
— мамлекеттик сатып алууларга окуу боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси (1-бөлүгү);
— “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилген Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү эрежелери жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилген Алкактык макулдашууну колдонуу жөнүндо жобо;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-б буйругу менен бекитилген Бир этаптуу, эки этаптуу, жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга стандарттык конкурстук документация.
билүү:
— чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана маалыматты жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү аймакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбалуу талдоону өткөрүү жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
көндүмдөрү:
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагы кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз-караштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.

Конкурска катышуу үчүн көктөмөгө тиркелген (папка-Дело №) төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз (районду, шаарды көрсөтүү менен);
— чапталган фотосүрөтү менен толтурулган кадрларды эсепке алуу баракчасы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгону же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн, негизги жана кошумча билимин (болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— илимий даража же илимий наам ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 10-июнунан тартып 23-июнуна, саат 18:00гө чейин Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 381 дареги боюнча КР СӨМ КЖААКДнын кадр иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт, 504-иш бөлмөсү, телефон: 38-00-22.