🎓 JDS стипендиялык программасынын 21-тандоосуна документтерди кабыл алуу жарыяланды Японияда билим алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Япон эл аралык кызматташтык борбору (JICE) менен биргеликте «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программаcынын» (JDS долбоору) алкагында 2027-2028 окуу жылдарына талапкерлерди магистратура жана докторантура программалары боюнча документтерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт. Кесиптик карьераңыздагы кийинки кадамды жасаңыз! JDS программасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Японияда сапаттуу билим алуу, кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт. Документтериңизди бүгүн тапшырып, жаңы муундагы лидерлердин катарына кошулуңуз! 📅 Магистратура программасы боюнча документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 6-декабры, саат 17:00 📅 Докторантура программасы боюнча документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 18-декабры, саат 17:00 🔗 Расмий сайт: https://jds-scholarship.org/country/kyrgyz/index.html Жазуулар боюнча багыттоо АГЕНТТИКТЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ОНЛАЙН БРИФИНГ ӨТТҮ