Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

 Уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн

жетектөөчү адиси

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

— Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди       тапшыруулары зарыл:

  • Конкурстук комиссиянын атына арыз;
  • Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы сүрөтү менен;
  • Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Резюме;
  • Паспорттун көчүрмөсүн;
  • Дипломдун көчүрмөсү, мамлекеттик нотариалдык тастыкталган ;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариалдык тастыкталган;
  • Квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү (эгерде болсо);
  • Компьютердик билимин тастыктаган документтер (бар болсо);
  • Сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);
  • Соттуулугу тууралуу тактама:

 

Керектүү документтерди 2021-жылдын 27-сентябрь саат 18.00гө чейин төмөндөгү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот.

720100, Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү-1, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору. Байланыш телефону: (03622) 5-01-54; 5-00-04

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев менен кадрдык реформа маселесин талкуулашты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевди кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик кадр кызматынын директору мамлекеттик кызматтагы кадрларды тандоо жана аларды жайгаштырууга байланыштуу көйгөйлөр тууралуу маалымат берди. Болжол менен 1200 кызмат ордуна сынакты кыйгап өтүү аркылуу дайындалуу жүрүп, бул коррупция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров белгилегендей, «Көзкарандысыздыктын 30 жылы аралыгында өлкө кадрдык башаламандыкка малынып, кызмат орундарга адистер кесипкөйлүк талаптарга ылайык эмес, тууганчылык жана партиялык квота принциби боюнча дайындалып келген. Сынактык тандоолор айрым учурларда жабык эшик артында өтүп, экономист кызматына гуманитардык билим алган жактар дайындалып калган учурлар кездешет», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал Өкмөт жана Мамлекеттик кадр кызматы алдында мамлекеттик башкаруу тутумун заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде толугу менен кайрадан форматташтыруу милдети тургандыгын баса белгиледи.

«Олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл. Алган билим жана тажрыйба ээлеген кызматына толугу менен дал келүүсү тийиш. Мугалим финансист боло албагандай эле, инженер да дарыгер боло албайт. Ар бири өз ордуна отуруп, өлкөгө пайда алып келиши зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров.

Андан соң ал белгилегендей, мамлекеттик башкаруу тутумун тазалоо үчүн Өкмөттө комиссия түзүлгөн, ага ылайык, мамлекеттик кызматка таза профессионалдардын агымын алып келүү үчүн негиз даярдалат. Ар бир мамлекеттик органда тармактын кесипкөйлөрүнөн, ардагерлеринен жана көзкарандысыз эксперттерден турган атайы комиссия түзүлүшү керек жана алар коомчулуктун көзөмөлү астында ведомствонун бардык кызматкерлерин ээлеген кызмат ордуна дал келүүсү боюнча тандоо жүргүзүүсү абзел.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директоруна кадрдык реформа боюнча конкреттүү иш-чаралардын долбоорун иштеп чыгууну, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу планын сунуштоо тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма-сөз кызматы

https://www.gov.kg/ru/post/s/sadyr-zhaparov-oluttuu-kadrdyk-reformalardy-zhrgz-zary